www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эгерде АКШ президенти Дональд Трамп 3-ноябрдагы президенттик шайлоодо утулуп калса, бийликти тынч өткөрүп берет. Бул тууралуу ал Майамидеги шайлоочулары менен жолугушуу учурунда айтты. Жолугушуу «NBC» каналынан түз көрсөтүлдү.

«Мен бийликти тынч өткөрүп берүүгө кепилдик берем. Бирок бул шайлоонун таза өтүшүн каалайм», — деген Трамп шайлоодо жеңишке жетерине ишенип турганын кошумчалады.

Ошондой эле буга чейин Дональд Трамп шайлоодо утулуп калса, жыйынтыгын тааныбай турганын, себеби атаандашы бурмалоо аркылуу гана жеңишке жете аларын билдирген.

Белгилей кетсек, Трамптын шайлоодогу жалгы атаандашы — Джо Байден.

Эске салсак, АКШда президенттик шайлоо 3-ноябрга белгиленген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости