www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын Facebook жана Instagram аккаунттары эки жылдык блоктон кийин калыбына келтирилет. Бул тууралуу кечээ, 25-январда Мета уюмунун глобалдык иштер боюнча президенти Ник Клегг өзүнүн блогунда билдирди.

Капитолийге болгон коркунучтардан улам 2021-жылдын 6-январында жабылган Трамптын аккаунттары кылдаттык менен текшерилгенден кийин жакынкы жумаларда калыбына келтирилери белгиленген.

“Коомдук коопсуздукка болгон коркунуч жетиштүү деңгээлде азайтылды. Ошентип, биз жакынкы жумаларда Трамп мырзанын Facebook жана Instagram аккаунттарын калыбына келтиребиз», - деп жазган Ник Клегг блогунда.

Белгилей кетсек, өзүнүн Facebook жана Instagram аккаунттарын кайра активдештирүү менен Трамп Ак үйгө үчүнчү талапкерлигин алдыга жылдыруу үчүн күчтүү байланыш жана каражат чогултуу аянтчаларына кире алат.

Белгилей кетсек, буга чейин Трамптын Twitter аккаунту да калыбына келтирилген.

Алибек Бейжанов, Ташкен

Булак: NazarNews.kg

Последние новости