www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дональд Трамп тууралуу

Дональд Трамп 1946-жылы 14-июнда үй-бүлөдө төртүнчү болуп Нью-Йорк шаарында туулган. Атасынын катуу, өжөр, айтканынан кайтпаган мүнөзүн алган бул баланы тарбиялоо ата-энеси үчүн да, мугалимдери үчүн да татаал болуп калганда 13 жашында аскердик академияга жөнөтүшкөн. 1964-жылы академияны ийгиликтүү аяктап, бизнес мектебине тапшырат. Андан кийин экономикалык билим алат. Ошондон кийин атасы уулун үй-бүлөлүк бизнесине аралаштырат. Дональд ошондо Трамптардын курулуш империясынын мураскери болууну жана атасынын материалдык абалын бир нече эсеге көбөйтүүнү максат кылат. Айткандай эле, анын бизнестеги карьерасы күн санап өсүп, асман тиреген курулуштарды биринин артынан бирин салып турган. Тилекке каршы, 1990-жылдары банкротко учураган да, өжөрлүгүнүн арты менен үч жылдын ичинде карыз аңынан суурулуп чыгып, каржылык абалын кайра калыбына келтирип алган.

Учурда Дональд Трамп – америкалык миллиардер, курулуш магнаты, ири отель, казино тармактарынын ээси. Бизнес жана өзүн өнүктүрүү боюнча бир нече китептердин автору. Ал эми 2016-жылдын 8-ноябрында АКШнын 45-президенти болуп шайланган.

Биринчи аялы Ивана Зельничкова

Дональд Трамптын биринчи аялы Ивана Зельничкова 1949-жылы Прага шаарында туулган. Славян улутундагы бул айым Австриядан Канадага, андан Нью-Йоркко көчүп барып модель болуп жумушка орношот. Ошондо Дональд Трамп менен жолугушуп калат. Келбеттүү, сары чачтуу славян кызын Дональд эбегейсиз көп белектери, гүлдөрү, жылуу сөздөрү менен арбап алат да, экөө бир жылдан кийин баш кошушат. Ивана Дональддын жөн гана экинчи жарымы болбой, компаниясындагы экинчи адам болууга жетишкен. Ал күйөөсү жетектеген мекемелердин интерьерине жооп берген. Ушундай жашоодо 15 жыл жашашкан соң Трамптын өзүнөн он беш жаш кичүү сулуу менен жолугушуп жүргөнү тууралуу ушактар тарай баштайт. Бул ушактардын чын экенине, күйөөсүнүн көзүнө чөп салуусун токтотпосуна көзү жеткенде Ивана ажырашууга арыз берет. Бул аралыкта экөө Дональд, Иванка жана Эрик аттуу эки уул, бир кыздуу болушкан эле. Ажырашарда Ивана журналисттерге мурунку күйөөсү тууралуу “эч нерсе айтпайм” деген шарт менен Трамптан 25 миллион доллар алган. Ал акчасына «Ивана» аттуу атыр чыгарган, моделдер үйүн ачкан, автобиографиялык китептерди чыгарган. Трамп менен ажырашкан соң эки жолу күйөөгө тийип, бирок эки никеси тең ийгиликсиз болуп калган.

Экинчи аялы Марла Мэйплс

Америкалык актриса жана фотомодель Марла Мэйплс Трамптын экинчи аялы болгон. Бул айым менен таанышып, сүйүү романы башталган кезде Трамптын үй-бүлөсү бар эле. Ошого карабай Марла Трамптын мунараларынын биринде жашап, бардык иш сапарларында аны коштоп жүрчү. 1993-жылы сүйүшкөндөр 1,5 миллион долларлык 4 жылдык нике келишиминин негизинде баш кошушат. Экөөнүн ортосунда Тиффани аттуу кыз төрөлөт. Күйөөсү менен жашап турган аралыкта Марла жакшы карьера жасаганга үлгүргөн, тактап айтканда, 15тен ашык тасмага тартылган. Бирок экөөнүн никеси көпкө созулган эмес, 1999-жылы Трамп менен Марла эки жолго түшүшөт. Ажырашкан соң Марла сүйүктүү кызына жана 2,5 миллион долларга ээ болгон. Азыркы учурда Марла Мэйплс кызыктуу светтик жашоодо жашайт: саякатка көп чыгат, ар кандай элиталык иш-чараларга катышат.

Үчүнчү аялы Меланья Трамп

Дональд Трамптын үчүнчү жана учурдагы жубайы Меланья 1970-жылы Югославияда төрөлгөн. Архитектура жана дизайн боюнча билимге ээ болгону менен жаш сулууну моделдик карьера өзүнө тартып алган. Бул тармактагы карьерасын ал 16 жашында Миланда жана Парижде подиумга чыгуу менен баштаган. Дональд менен Меланьянын биринчи таанышуусу 1998-жылы Нью-Йорктун клубдарынын биринде өткөн кечеде болгон. Меланья Трампка бир көргөндө жаккан, бирок телефон номерин алууга жасаган аракетинен жыйынтык чыкпай койгон, жаш кыз андан баш тарткан. Буга намыстанган Трамп жаш сулуунун жүрөгүн кандай болсо да багындырууга өзүнө сөз берип, өжөрлүгү менен 2004-жылы ага жетип тынган. Жаш моделдин карьерасы буга чейин анчалык деле жакшы боло берген эмес эле, анын Трамп менен болгон сүйүү романы тууралуу сөздөр тарай баштаганда моделге кызыккандар көбөйүп, атактуу журналдар кызматташууну сунуштай башташат. 2005-жылдын январь айында Меланья менен Дональддын өзгөчө кооздукка бөлөнгөн жана өтө атактуу адамдар катышкан үйлөнүү үлпөт тою болуп өтөт. Бир жылдан соң алардын баласы Бэррон Уильям Трамп төрөлөт. Азыркы учурда Меланья көп убактысын уулуна арнап анын жанынан алыска чыккысы келбейт. Бул жубайы Дональд Трамптан 24 жашка кичүү. Ортодогу жашка карабай экөө бир топ экенин, өзүн жубайындай эч ким түшүнбөсүн дайыма баса белгилеп айтып келет жаңы президент.

Кичүү Дональд Трамп - Трамптын тун уулу журналисттердин көзүнөн оолак болуп тынч жашоону жактырат. Аялы актриса жана модель Ванесса Хейдон экөө беш баланы тарбиялап келишет. Кичүү Дональд Трамп учурда Трамптардын негизги компаниясы болгон “Трамп Организейшн (Trump Organization)” компаниясынын аткаруучу вице-президенти болуп эмгектенет.

Иванка Трамп - миллиардердин балдарынын ичинен эң атактуусу. Ал - модель, китептерди жазат жана “Трамп Организейшндин” аткаруучу вице-президенти болуп иштейт. Атасы бул кызы менен сыймыктанарын дайыма айтып келет. Иванка бизнесмен күйөөсү экөө үч баланы тарбиялап келишет.

Эрик Трамп – бул дагы журналисттерден жана коомдук иш-чаралардан өзүн оолак кармоого аракет кылат. Жубайы – Лара Юнаска. Трамптын бул баласы дагы “Трамп Организейшндин” аткаруучу вице-президенти.

Тиффани Ариана, ал жакында университетти аяктады. Тиффани - соцтармактардын жылдызы, Инстаграмда анын 170 миң окурманы бар.

Бэррон Трамп – АКШ президентинин көкүрөк күчүгү. Ал болгону 9 жашта болсо да атасы аны ишкерлердин ар кандай жолугушууларына калтырбай ээрчитип алат.

Булак: "lady.kg"

Последние новости