www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзүнүн көз карандысыздыгын жарыялаган Донецк жана Луганск Эл Республикалары кечээ, 18-февралда жашоочуларын Россияга көчүрүп баштаганын жарыялашты.

Донецктин бийлиги калкты Россиянын Ростов облусуна ташып жатат. Донецк менен Луганск Украинанын Куралдуу күчтөрү ок атууну күчөткөнүн билдиришти. Донецктин милициясы Украинанын ок атуусунан айрым калктуу конуштар электр жарыгы жок калганын айтууда.

Ошондой эле Донецктин башчысы Денис Пушилин Украинанын президенти Владимир Зеленский жакын арада Донецк менен Луганскка кол салууга буйрук берерин, ошондуктан калкты эвакуациялоо уюштурулганын белгиледи.

Анын айтымында, калкты эвакуациялоо Россия менен макулдашылган. Биринчи кезекте кары адамдар, аял кишилер жана жаш балдар көчүрүлөт. Лугансктын башчысы Леонид Пасечник да жашоочуларды тез арада Россияга кетүүгө, курал-жарак кармоого жарактуу эркек кишилерди Луганскта калууга чакырды.

Ал эми Украинанын бийлиги ок атууну күчөтпөгөнүн билдирди. Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба тирешүүнү дипломатиялык жол менен гана чечүүнү көздөп жатышканын белгиледи. Донецк менен Луганск мурда Украинанын облустары болчу. Бүгүнкү күндө АКШнын бийлиги Россия Украинага кол салууга камынып жатканын айтууда. Бирок Россиянын бийлиги бул билдирүү чындыкка дал келбей турганын билдирип жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости