www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дооронбек Садырбаев  Үсөн Сыдыков тууралуу

Мындан жети жыл мурун жетимиш жашка толгон Үсөн Сыдыков маараке тоюн өткөзөт, албетте, ал тойго ошол мезгилдеги өкмөт башчысы болуп турган Жантөрө Сатыбалдиев келип катышат. Бул тойго катышкандар Үсөн Сыдыков татыктуу эле, эмнеге бир темир тагып койбоду деп да калышкан. Советтик  да доор өткөн. Ал мезгилдеги экинин бири, ошол күндөрү жел жакшы айдаса мамлекеттин башчысы боло турган жигиттердин бири Үсөн Сыдыков эле. Ал киши козголсо  көп киши козголор эле. Бирок жел башка жактан согуп жиберип, бийликке капыстан ал кезде бийлик элитасында эч кимге белгисиз Аскар Акаев келип калат. Үсөн Сыдыков Акаев менен бирде тымызын, бирде ачык кармашып жүрүп, 2005-жылы 24-мартта президенттик аппараттын жетекчилигине келет. Ошол жерден ал пенсияга узап, 2015-жылы парламенттик шайлоо болор алдында унчукпай калды. Балким, бары бир солкулдатарын билип, баласы Бакыт Сыдыковго бийликти берди.

Үсөн Сыдыков советтик доордун жигиттери болсо, акыйкат үчүн байлыкка жакын жолобогондордун бири Дооронбек Садырбаев  болгон.  Үсөн Сыдыков Кара –Суу районунда райком, Ош облусунда обком болуп турганда Дооронбек Садырбаевди конокко чакырып калчу экен. Дайым эле колго бир жигит суу куюп калат. Бир жолу Садырбаев сурайт, бул кайсы бала колго дайым суу куят десе, Үсөн аке айтып жатпайбы, бул бала эмес, бул базарком деп. Ошондон улам Садырбаевде базаркомдор чоңдордун суу куйгучу деген түшүнүк калат. Кийин Дооронбек Садырбаев  Акаев оозуңду басып жүр деп Орто -Сай базарын сунуштаса албай койот. Аны Кубатбек Байболов алып койгон, кийин бир контейнер керек болуп Байболовго чалса, мен билбейм директор билет деп коюптур. Ошондо шагы сынган Дооронбай бир өкүттө калган дешет. «Сары -Челекти» Касымбеков алган, далай байлыкты ээлеп алгандар элдин терисин тескери сыйырып жатат. Азыр чоңдун бары «торговый отделдин» көзүн карайт, ал жерде соттун, прокурордун, милициянын да акесин окутмак.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости