www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан Иранда калган айдоочуларын Азербайжан аркылуу алып келмей болду. Бул тууралуу 11-марта Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги маалымдады.

Маалыматка караганда, кыргыз тарап Азербайжандын тийиштүү мекемелери менен сүйлөшүү жүргүзүп, транзиттик коридор сураган.

Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында 9-11-март күндөрү Иран-Азербайжан чек арасындагы «Астара» көзөмөл-өткөрмө бекетинен 23 оор жүк ташуучу машиненин 11и өттү.  Калган 12 автоунаа азыр паспорттук-бажы текшерүүсүнөн өтүп жатканы айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, коронавирус Иранды кучагына алган соң, жүк ташуу менен алектенген 62 Кыргызстандык айдоочу аталган өлкөнүн чек арасынан чыгып кете албай калышкан. Алар 18-февралдан бери Ирандын аймагындагы чек аралардагы пункттарда, айрымдары Ирандын ичиндеги пункттарда токтоп калышкан. Алар унааларын таштап да кете алышкан эмес.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости