www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин "Дордой" клубу футбол боюнча Кыргызстандын Шоро премьер-лигасынын 2020-жылдагы чемпиону болду. Бул тууралуу Кыргызстандын футболдук союзу билдирди.

"Дордойчулар" чемпионаттын бүтөрүнө дагы бир тур калганда алты упай алдыга озуп, чемпиондукту камсыздады.

Башкы машыктыруучу Александр Крестининдин шакирттери бүгүн, 1-октябрда, мелдештик жарышта экинчи сапта келе жаткан Бишкектин "Алга" клубун утуп алды.

Белгилей кетсек, беттеш Кант шаарындагы "Центральный" стадионунда өтүп, талаа ээси катары ойногон "Алганы" "Дордой" 1:5 эсебинде утту.

Муну менен "Дордой" үчүнчү ирет удаасы менен, ал эми тарыхында 12-ирет чемпион болду.

Эске сала кетсек, Кыргызстандын чемпиону быйыл коронавирус пандемиясына байланыштуу борборлоштурулган форматта Кант шаарында күйөрмансыз өттү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости