www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын жана Франциянын президенттери Азербайжан менен Арменияны Тоолуу Карабак үчүн тутанган жаңжалды токтотууга чакырды. Бул тууралуу 30-сентябрда Владимир Путин менен Эммануэл Макрон телефон аркылуу сүйлөшкөн соң кабарланды.

Кремль тараткан билдирүүдө Путин менен Макрондун телефон сүйлөшүүсүндө "Тоолуу Карабак жаңжалы курчуп кеткени терең талкууланды. Ири согуштук аракеттер уланып жатканынан улам олуттуу камтамачылык айтылды. Владимир Путин менен Эммануэль Макрон тирешкен тараптарды чукул арада ок атышууну толук токтотууга, чыңалууну азайтууга жана болушунча сабырдуу болууга чакырды" деп айтылат.

Белгилей кетсек, Азербайжан менен Армения ортосунда талашка түшүп келген Тоолуу Карабак аймагындагы абал 27-сентябрдан бери курчуп, атышуу уланууда. Жаңжалдан улам 100дөн ашык адам, анын ичинде жайкын тургундар ажал тапты. Тараптар бири-бирине урган соккулар, жоготуулары тууралуу апыртылган маалыматтарды берип, маалыматтык согуш да күч алды.

Буга чейин БУУ баштаган эл аралык уюмдар жана бир нече өлкө кырдаалды тынчтык жол менен жөнгө салуу үчүн сүйлөшүүлөрдү баштоого чакырган.

Белгилүү болгондой, Азербайжан менен Армения ок атышууну токтотуудан баш тартып жатат. Мындан улам куралдуу кагылыш дагы күчөйт деген кооптонуу көбөйдү.

Бул соңку жылдардагы, тактап айтканда 1994-жылкы азери-армян согушунан берки олуттуу жаңжал болуп калды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости