www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекистандан келген аял Оштон эки тараптуу пневмониядан көз жумду. Араван жана Кара-Суу райондорунда коронавирус инфекциясын жугузгандардын саны өсүүдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Ош облусундагы координатору Шаятбек Абдырахманов билдирди деп жазат Turmush.kg.

Маалыматка ылайык, жергиликтүү тургундар санытардык талаптарды аткарбагандыктан эпидемиологиялык кырдаал катаалдап кетти.

«Облуста 224 адам COVID-19тан дарыланып жатат, аларды алтоо оор абалда. Бүгүн 1962-жылкы Кара-Суу районунун тургуну эки тараптуу пневмониядан көз жумду. Ал Өзбекстан жаранына турмушка чыгып, бирок Кыргызстандын жарандыгын алмаштырган эмес. Ал коңшу республикадан оор абалда келген. Оорусу күчөп кеткендиктен, көз жумду», — деди ал.

Эске салсак, бүгүн Ош облусунда 21 жаңы учур катталды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости