www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Дордой» базарындагы ишкерлер акыркы күндөрү электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашы соодага жана эмгек шарттарына олуттуу тоскоолдук жаратып жатканын билдиришүүдө.
Ишкер Гүлжан Алтымышбаеванын айтымында, Бишкекте абанын температурасы 40 градуска чейин көтөрүлгөн учурда темир контейнерлердин ичиндеги ысык 50 градуска чейин жетет. Анын айтымында, акыркы бир айдан бери электр энергиясы көбүнчө түшкү убакта өчүрүлүп, узак убакытка чейин калыбына келтирилбей жатат.
«Контейнердин ичинде газдын үстүндөгү табада отургандай эле абал. Вентилятор менен араң чыдап иштеп жатабыз. Кардарлар кийимди кийип көрүүгө да үлгүрбөй, ысыкка чыдабай чыгып кетишет. Айрым соодагерлердин кан басымы көтөрүлүп, эсин жоготкон учурлар да болду», — деди ал.
Ишкерлердин айтымында, алар электр энергиясы үчүн жогорку тариф менен төлөшкөнүнө карабастан, жарыктын өчүрүлүшүнүн себептери боюнча расмий түшүндүрмө ала элек.
Мындан тышкары, №226 жана №218 автобус каттамдарынын үзгүлтүккө учурашы да кардарлардын санынын азайышына таасирин тийгизип жатканын белгилешти.
Ишкерлер көйгөйлөр жакын арада чечилбесе, Бишкек шаардык мэриясына жамааттык кайрылуу жасап, өз талаптарын билдирүүгө даяр экенин айтышты.
Учурда бул маселе боюнча «Улуттук электр тармагы» ишканасы жана Бишкек мэриясы расмий комментарий бере элек.