www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында 11-июлдан тарта Фрунзе көчөсүнүн Сүйүмбаев көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгү капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу унаа кыймылы үчүн жабылат.

Шаар мэриясынын маалыматына ылайык, бул иштер көчө-жол тармагын реабилитациялоо долбоорунун кезектеги этабы болуп саналат. Жол тилкелери этап-этабы менен жабылып, оңдоо иштеринин шаардагы транспорт кыймылына тийгизген таасирин азайтуу көздөлүүдө.

Капиталдык оңдоонун алкагында эски асфальт-бетон жабуусу алынат, жолдун негизи бекемделет, жаңы асфальт төшөлүп, жол инфраструктурасынын элементтери жаңыланат.

Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү департаменти айдоочуларды жана жөө жүргүнчүлөрдү каттамдарын алдын ала пландап, жол кыймылындагы убактылуу өзгөрүүлөрдү эске алууга чакырды.

Последние новости