www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын облусунун Жумгал районундагы Кара-Кече көмүр кенине жакын аймакта жылуулук электр станциясы курулат. Бул тууралуу энергетика министри Алтынбек Рысбеков «Ачык кабинет» медиадолбооруна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, учурда инвестициялык келишимдин алкагында долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыгып жатат.

Маалыматка ылайык, жаңы станциянын жалпы кубаттуулугу 1200 мегаваттты түзүп, курулуш эки этап менен жүргүзүлөт. Биринчи этапта ар бири 300 мегаватт болгон эки энергоблок курулса, экинчи этапта кубаттуулугу 600 мегаватт болгон дагы бир энергоблок пайдаланууга берилет.

Долбоорду беш жылдын ичинде толугу менен аяктоо пландалууда. Жылуулук электр станциясы толук ишке киргенден кийин жылына 7,8 миллиард киловатт-саат электр энергиясын өндүрөрү күтүлүүдө.

Последние новости