www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Анкара шаарында өткөн НАТО саммитинде Украинага өз аймагында америкалык «Patriot» ракеталарын чыгарууга лицензия берүү чечими Орусияда тынчсыздануу жаратты.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков бул уруксат НАТО тарабынан Орусияга карата коркунуч жаратарын билдирген. Ал НАТОнун аракеттерин агрессивдүү саясат катары баалап, бул жагдай Москвага өзүнүн коргонуу чараларын күчөтүүгө жана учурдагы саясатын улантууга түрткү берип жатканын айткан.

Песков «Вести» телеканалына берген маегинде Орусиянын жетекчилиги жана тиешелүү мамлекеттик органдар өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чараларды көрүп жатканын билдирген.

Анын айтымында, бул чаралар «Patriot» зениттик-ракеталык комплекстеринен коргонуу аракеттерин да камтыйт.

Кремлдин өкүлү НАТОнун түзүлгөн күндөн тартып эле тирешүүгө багытталган альянс болгонун жана азыр да ушул багытын өзгөртпөгөнүн айткан.

Анын сөзүнө караганда, НАТО үчүн алгачкы негизги атаандаш Советтер Союзу болсо, кийин анын укук мураскери болгон Россия Федерациясы калган жана бул мамиле өзгөргөн эмес.
Песков Россия жетекчилиги жана өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн кандай кадамдар керек экенин жакшы түшүнөрүн белгилеп, улуттук кызыкчылыктарды коргоо боюнча бардык зарыл чаралар көрүлүп жатканын кошумчалаган.

Последние новости