www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
10-июлда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик темир жол корпорациясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өтүп, анда Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жол долбоорунун ишке ашырылышы талкууланды.
Жолугушууга транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Алмаз Тургунбаев жана Кытай темир жолдор корпорациясынын башкармалыгынын мүчөсү Ван Цзиньси баштаган делегация катышты.
Тараптар долбоор учурда активдүү курулуш баскычына өткөнүн белгилеп, негизги эл аралык жана инвестициялык келишимдер түзүлгөнүн, башкы подрядчы аныкталып, каржылоо маселелери чечилгенин билдиришти. Учурда тоннелдерди, көпүрөлөрдү куруу жана башка инфраструктуралык иштер жүрүп жатат.
Кыргыз тарап курулуш иштеринде жергиликтүү жумушчу күчүн кеңири тартуу, ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн курулуш материалдарын жана жабдууларын пайдалануу, ошондой эле экологиялык талаптарды жана тарыхый-маданий мурастарды коргоо чараларын так сактоо зарылдыгын белгиледи.
Мындан тышкары, жолугушууда курулуш иштеринин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу жана коррупциялык тобокелдиктердин алдын алуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Жыйынтыгында тараптар темир жолду белгиленген мөөнөттө пайдаланууга берүү үчүн курулуш иштеринин темпин мындан ары да күчөтүү боюнча биргелешкен кызматташууну улантууга даяр экенин билдиришти.
Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу өлкөнүн транспорттук-логистикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, жаңы экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө жана транзиттик потенциалын жогорулатууга багытталган стратегиялык долбоор болуп саналат.