www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Дордойго» салыктын өзгөчө түрү кирет

Салыктын өзгөчө түрүн өлкөдөгү эң чоң базар делген Бишкектеги «Дордой» жана Ош облусунун Кара-Суу районундагы «Кара-Суу» базарларына гана тиешелүү. «Назарньюс» маалыматтык  порталынын билдиргенине караганда токтомдун 461-беренесине ылайык бир соода жайынын жылдык кирешесине жараша салык төлөнөт.

Анда 4 миллион сомго чейин жылдык киреше тапкан ишкер жылына 18 мин сом төлөсө, 8 миллон сомго чейин киреше тапкан соодагер 42 миң сом төлөйт. Ал эми жылдык кирешеси 200 миллон сомго чейин болгон ишкерлер бир миллион сом төлөшөт. Ишкер салыкты ай сайын бөлүп төлөсө да болот же бир жылдыкын бир убакытта төлөп койсо да болот. Бөлүп төлөгөн учурда айдын башында төлөөсү зарыл, эгер көрсөтүлгөн убакытта төлөбөсө туум кошулат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости