www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат Жетекчиси Досалы Эсеналиев бүгүн, 7-сентябрда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы мамлекеттик резиденцияда КМШ өлкөлөрүнүн маалымат агентчиликтеринин жетекчилер Кеңешинин (КМШ Маалымат кеңеши) мүчөлөрү менен жолугушту. 

Жолугушууда Досалы Эсеналиев катышуучуларга Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун атынан салам жолдоду. Ал кеңештин кезектеги юбилейлик жыйыны үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын талаасында өткөнүн жана анда туризмди өнүктүрүү маселесинин талкууланышы кокусунан эмес экенин белгиледи.

«Биз КМШ Маалымат кеңешинин ишинде Шериктештик элдеринин маданий салттарын жана баалуулуктарын чагылдырууга улам барган сайын көбүрөөк басым жасалып жатканын жакшы баалайбыз. Ал эми кеңештин кезектеги бир жыйынында Кыргызстандагы үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чагылдыруу маселеси атайын талкууланган», — деп белгиледи Президенттин Аппарат  Жетекчиси.

Кыргыз Республикасы КМШ Маалымат кеңешинин КМШ өлкөлөрүнүн маалымат чөйрөсүндө өз ара аракеттенишүүсүн жана кызматташуусун камсыз кылууга багытталган ишмердигин колдой турганы белгиленди. «Мамлекеттик маалымат агентчиликтеринин жетекчилеринин — КМШ Маалымат кеңешинин мүчөлөрүнүн башкы милдеттеринин бири — бул Шериктештикте жүрүп жаткан интеграциялык процесстер жөнүндө калкка маалымдоо», — деди Досалы Эсеналиев жана кеңеш мындан ары карай да биздин жалпы маалымат айдыңыбызды бекемдөө менен КМШдагы интеграциялык процесстердин маалыматтык бөлүгүн активдештирип жана кеңейте берсе деген каалоосун билдирди.

Эске салсак, КМШ Маалымат кеңеши 1995-жылы Шериктештикке кирген мамлекеттер башчыларынын чечими менен түзүлгөн жана Шериктештик өлкөлөрүнүн ортосундагы маалымат алмашууну кеңейтүү боюнча маанилүү милдетти аткарат. Кеңешке Азербайжандын, Армениянын, Беларустун, Казакстандын, Кыргызстандын, Молдованын, Тажикстандын жана Россиянын мамлекеттик маалымат агентчиликтери кирет. Анын кезектеги XXV жыйыны 2018-жылдын 6-сентябрында Чолпон-Ата шаарында өттү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости