www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусундагы “Достук” өткөрмө бекетинде адамдардын тыгыны пайда болду. Бул тууралуу ошол жерде жүргөн “Азаттыктын” кабарчысы маалымдады.

Анын айтымында, учурда кыргыз тарапта Өзбекстанга өтө албай 500дөй адам турат. Жергиликтүү кыргыз чек арачыларынын айтымында, күнүнө жети миңден он миңге чейин адам өтүп, кызматкерлер текшерип жетишпей жатат.

Кыргызстандын Чек ара кызматы учурда расмий маалымат даярдалып жатканын кабарлады.

2017-жылдын сентябрь айында кыргыз-өзбек “Достук” чек ара бекетинде эки тарапка өтүү жол-жобосу жөнөкөйлөштүрүлгөн.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасы 2005-жылы март жана Анжиян окуяларынан кийин жабылып, ары-бери өтүү катаалданган. 2010-жылкы июнь коогасынан кийин чек арадан өтүү үчүн телеграмма, чакыруу сыяктуу кошумча документтер талап кылына баштаган.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда 15 чек ара бекети бар. Анын 11и автоунаа, төртөө темир жол чек ара бекети. Булардын ичинен үчөө аркылуу гана өтүүгө уруксат берилип келген. Алардын ичинен Баткендеги Кадамжай чек ара бекети аркылуу Өзбекстандын Кыргызстандагы Сох, Шаймерден анклавдарына транзиттик жол менен товар ташылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости