www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бардык окурмандарга салам. Анда эмесе баштайын. Менин 25 жаштагы досум бар. Ал өзүнүн аялы менен мектептен бери сүйлөшүп жүрчү. Жылдардын өтүшү менен алардын сүйүүсү күчөдү. Ошол убакта кыз мектептин эң мыктыларынын бири эле. Анда баары бар болчу: акыл, намыс, оор басырыктык, тамашакөйлүк, жөнөкөйлүк, келбети тууралуу айтпай эле коёюн. Бардык балдар анын артынан жүрүштү (көбүнчө жогорку класстагылар), анын ичинде мен дагы.

Ал 10-класста окуп жүргөндө менин досум менен расмий түрдө жолугуша баштайт. Ошентип 4 жыл мурда алар үйлөнүштү. Эки баласы бар. 22 жашта болгонуна карабай баарына жетишет: үйүнө, балдарына, окуусуна, өзүнө кам көрөт жана ар эки күндө машыгуу залына барып турат. Кыскасы ушундай сулуу жана активдүү. Биздин бардык достор аны көргөндө шилекейи агары сыр эмес.

Мен көрсө бирөөнү эле сүйгөн адам экенмин. Ал жөнүндө эч ойлонбой коё албай жатам, кээде жада калса алыстан карап турууга да макулмун. Биз досторубуз менен тез-тез чогулуп турабыз. Алардын ар бири эле анын от экенин айтышат. Баары аны каалашат.

Биз бир университетте чогуу окуйбуз. Топ балдар ага жармашышат, алардын арасында чет элдиктер дагы бар. Өз сезимимди көрсөтпөөгө аракет кылам. Мындайча айтканда, тамашалап гана сүйлөшөбүз.

Көптөр менен жолугуп көрдүм, аны сүйгөндөй эч бирин чын сүйө албадым. Бул сулууну эч сүйбөй коё албай койдум. Анын үстүнө жүрөккө буйрук бере албайсың. Мына 4-класстан бери сүйөм. Башканы сүйө албоо кандай жаман. Мүмкүн сиздерге эркек эмес, чүпүрөк көрүнүп жатсам керек. Бирок, эркектерге деле ичиндегисин айтып алыш керек да. Сиздерге жок дегенде клавиатура аркылуу арманымды төгүп алууга мүмкүндүк берип жатканыңыздарга рахмат.

Булак: "Чабарман кж"

Последние новости