www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дрондор дары-дармек ташып башташты

Дрондор тапшыртма берген кардарлардын үйүнө дары-дармек жеткирип бере баштады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

АКШда тапшырыктарды аба аркылуу жеткирип берүү башталды.

Түндүк Каролинада биринчи жолу дрондун жардамы менен жеткирип берүү иши сынактан өткөрүлдү. Анда дарыканага тапшырык берген кардардын үйүнө учкучу жок эле жеткирилген дары 6 метр бийиктиктен үйдүн алдындагы газонго түшүрүлдү. Тажрыйба ийгиликтүү аяктап, кардар товарларын өз колуна алды. Дары салынган куту дронго илип коюуга ылайыкталып жасалган. Дрон 2,3 килограммга чейинки жүктү көтөрө алат. Бул иштин негизги максаты – мүмкүнчүлүгү чектелген кардарларга дары-дармектерди  жеткирип берүү.

Эске салсак, Египет, Өзбекстан, Камбоджа жана башка айрым өлкөлөрдө дронду колдонууга тыюу салынган. Эгерде дрон менен кармалса, адам 6 жылга чейин эркинен ажырайт. Себеби, террордук иштерди 1-2 чакырым алыстыкта чоң объекттерди кичиненей дрон аркылуу эле  жардырткан учурлар кездешкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости