www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коронавирус пандемиясын жеңүүгө бардык мүмкүнчүлүк бар, болгону аны адам баласы туура пайдаланбай жатат. Мындай пикирин Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус билдиргенин РИА Новости жазат. "Дүйнө эли качан пандемияны жыйынтыктайбыз деп чечим кабыл алган учурдан тарта аны акырындык менен жеңе баштасак болот. Адам колунда бардык мүмкүнчүлүктөр бар, бирок аларды туура колдонгонду билбей жатабыз”, — деди ал.
Гебрейесустун айтымында, ДССУнун негизги максаты — жылдын аягына чейин ар бир өлкө элинин жок дегенде 40 пайызын эмдеп бүтүүгө шарт түзүп берүү. Ал үчүн жетекчи бул көрсөткүчкө жеткен мамлекеттердин башкалар менен COVAX программасынын алкагында вакцина бөлүшүүгө чакырды.
Ошондой эле, Гебрейесус пандемияны токтотуу үчүн ири компаниялар өздөрү иштеп чыккан вакцинаны интеллектуалдык менчик катары эсептегенди токтотуп, аны өндүрүүгө көпчүлүккө мүмкүнчүлүк берүү керектигин айткан.
COVID-19 башталгандан бери дүйнө жүзүндө вирус жуктургандардын расмий саны 243,6 миллионго жетти. Алардын арасынан дээрлик 5 миллион киши каза болду. Эпидемиялык оор абалдагы өлкөлөрдүн сап башында дагы деле АКШ, Индия жана Бразилия турат. Айрым өлкөлөрдө вирус кайрадан күч алгандыктан, алар карантиндик чектөөлөрдү киргизүүгө айласыз болуп жатат.
Булак: NazarNews.kg