www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Мейкинбек Абдалиев өз дарегине Бажы бекеттериндеги маселелерден улам Кыргызстандагы ишкерлерге кыйынчылык жаралганы тууралуу бир канча арыз кат түшкөнүн, ошондон улам маселенин түйүнүн билүү үчүн атайын келгенин айтты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирет. Жолугушууга келгендер эл өкүлүнө ыраазычылык билдирип, Кытай-Кыргызстан чек ара бекеттери жабык болгондуктан товарларды ташып келүүдө кыйынчылык жаралганын белгилешти.

Дордой ассоциациясына караштуу Профсоюз уюмунун төрайымы Дамира Дөөлөталиева: "Торугарт, Эркештам чек аралары жабык болгондуктан, соодагерлер товарларын Казакстан аркылуу ташып келүүгө аргасыз болууда. Бирок казак бажычылары түрдүү себеп менен кыргызстандык ишкерлердин товарларын айдап-жылдап кармап жатат. Бул боюнча Кыргыз Республикасынын экономика министрине кат менен кайрылганбыз. Жооп жок болуп, натыйжада ишкерлер чыгымга учурап жатат. Мисалы: Тигүүчү цехтерге кездемелер жетишпейт. Мадина базарына келген кездемелер Өзбекстанга кантрабанда жолу менен кетип жатат"- деди ал.

Ал эми жеке ишкер Мырзабек Асанов 50 миң долларлык товарын Казакстандын бажычылары кармап турганын айтты.

Жыйынга катышкан Кыргызстандын Бажы кызматынын кызматкери Пак Евгений: "Биз Казакстандык кесиптештерге кайрылдык. Алар бажы мыйзамдары бузулгандыктан 80 контейнердин ээсине кылмыш иши козголуп, соттук териштирүү иштери жүрүп жатат"- деди.

Ал эми Бажы кызматынын дагы бир кызматкери Эркинбек Иманалиев маселенин баары ташылып келип жаткан товарлардын документтери бажы мыйзамдарына туура келбей жаткандыгы менен байланыштырды.

Талкууда жеке ишкерлер менен эл аралык жүк ташуучу компаниялардын ортосунда келишимдердин жоктугу да көйгөй алып келип жатканы белгилүү болду.

Өз кезегинде депутат Мейкинбек Абдалиев "Эл аралык транзиттик компаниялар ташып келген товарларга кепилдик алыш керек. Эгерде жүк өз мөөнөтүндө дарегине жетпесе, жүктүн ээсине компенсация төлөп берүү милдети коюлушу керек", - деди.

Ошондой эле, депутат мындай тотурумдар мындан ары кеңири масштабда уланып, ага тартип коргоо органдарынан, Укук министрлигинен өкүлдөр чакырылып, маселени чечүүнүн жолун дыккат иликтеп, ишкерлерге жардам берүүнү убада кылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости