www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ДССУ BioNTech жана Pfizer вакциналарын жактырды

Германиянын BioNTech компаниясы жана америкалык Pfizer тарабынан иштелип чыккан BNT162b2 коронавируска каршы вакцина шашылыш учурда пайдалануу үчүн ДССУнун реестрине киргизилген. Бул тууралуу Deutsche Welle билдирди.

Маалыматка ылайык, дары-дармектерди ЕУЛ тизмесине киргизүү, жүгүртүүгө киргизүүнү пландап жаткан өлкөлөргө, вакцинанын «импорттолушун жана колдонулушун тастыктоо үчүн өз регулятивдик процесстерин тездетет».

Мындан тышкары, бул айрыкча, БУУнун Балдар Фонду (ЮНИСЕФ) үчүн, «муктаж өлкөлөргө таратуу үчүн» дарыны сатып алууга мүмкүнчүлүк берет.

Ошондой эле, эл аралык эксперттердин айтымында, «вакцина коопсуздуктун жана натыйжалуулуктун критерийлерине жооп берет, ал эми аны ооруга каршы колдонуунун артыкчылыктары мүмкүн болгон тобокелчиликтерди жокко чыгарат», - деп баса белгиледи.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости