www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирус пандемиясынан кийин дүйнө жүзүндөгү балдар арасында кызамык оорусу күч алды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги ДССУ менен АКШнын ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө борборунун биргелешкен докладына таянуу менен жазды.

Маалыматта айтылгандай, COVID-19 пандемиясы башталгандан тартып дүйнөдө балдарды кызамыкка каршы эмдөө кескин солгундап кеткен. 2020-жылы дээрлик 40 миллион бөбөк аталган ооруга каршы вакцина алган эмес.

"2021-жылы дүйнөдө кызамык менен ооруган 9 миллион учур катталып, анын ичинен 128 миңи каза болгон. 22 өлкөдө оору жайылып, абал курчуган. Коронавирус пандемиясына байланыштуу миллиондогон балдар айрым учурда өлүмгө жеткирчү, коркунучтуу илдет болгон кызамыкка каршы эмделбей калды", — деп жазылат маалыматта.

ДССУ дүйнө коомчулугуна кызамыкка каршы эмдөөнү кайра талаптагыдай жандантуу зарылдыгын эскерткен. Акыркы эки жыл ичинде эмдөө албай калган балдарга вакцина саюу маселеси башкы орунда тургандыгын белгилеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости