www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Актёр Азиз Мурадилаев жандандыруу бөлүмүнө түштү

КР Эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадилаев оор абалда реанимацияда жатат.

Коомдук ишмер Ассоль Молдокматованын айтымында, актёр боорун алмаштырууга муктаж. Ал кайра боордун цирроз оорусуна чалдыкты.

"Ал абдан шишип, сүйлөй албай калды. Убакыт аз. Анын боорун алмаштыруу үчүн 45 миң доллар керек", - деп жазган Ассоль Молдокматова.

Азиз Мурадилаев буга чейин 2017-жылы Москвада бооруна операция жасаткан. Аны дарылоого каражат кайрымдуулук уюмдары аркылуу чогултулуп, негизги бөлүгүн  мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бөлгөн.

Актердун ден-соолугуна кайдыгер карабаган жарандар төмөнкү номурга акча которсо болот:

Элсом: 0553330431

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости