www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн Баткен районунун Дахма аймагында Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн Баткен жана Исфара тилкелери боюнча жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана байланыш башкармалыгы билдирди.
Жыйынга ошондой эле Ички иштер министрлигинин жана УКМКнын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Тажикстандын тургундарынын ортосундагы мушташуунун чоо-жайын изилдеп чыгышты.
Жолугушуунун жыйынтыгында чек арага жакын жайгашкан айылдардын жашоочуларынын ортосунда провокацияларга жана кырдаалдын курчушуна жол бербөө боюнча макулдашышты.
«Мушташ фактысы Ички иштер министрлигинин аймактык органдары тарабынан иликтенип жатат. Мындан тышкары, бул аймакка Ички иштер министрлигинин кошумча бөлүмдөрү жөнөтүлөт. Тараптар чек аранын биргелешип кайтарылган тилкесинде кырдаалдын курчушуна жол бербөө боюнча биргелешкен иштерди жүргүзүүнү макулдашты», - деп баса белгиледи Чек ара кызматы.
Белгилей кетсек, бүгүн, 3-декабрда кыргыз-тажик тилкесинде эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда чыр чыгып, ал мушташка айланган.
Булак: NazarNews.kg