www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз-өзбек чек ара маселеси боюнча камакка алынган эксминистр агабыз менен анын адвокаты аркылуу суроо-жооп уюштурдук.

- «Кемпир-Абад суу сактагычы турган жерди Өзбекстанга өткөрбөш керек» деген үчүн камакта отурушкан саясатчы, активисттердин арасында сиз да барсыз. Айтсаңыз, эмне үчүн бийлик сиздерге мындай чара колдонду?

- Эгер тергөөчүнүн айып тагуусуна карасак, бийликке каршы элди козутуш үчүн Кемпир-Абад боюнча биз коомчулукка жалган маалыматтарды таратып, бийликти басып алууга даярдык көргөн экенбиз. Бул айып чындыкка таптакыр дал келбейт. Мен бул маселе боюнча төрт жолу сүйлөгөм. Биринчи жолу «Бириккен демократиялык кыймыл» уюму уюштурган тегерек үстөлдө, экинчи жолу Жогорку Кеңештин комитети уюштурган коомдук талкууда, үчүнчү жолу Кемпир-Абад жеринде чогулган курултайда, төртүнчү жолу президент Садыр Жапаров өкмөт үйүндө өткөргөн жыйында. Демек, өлкөнүн президенти, парламенттин депутаттары, өкмөттүн мүчөлөрү катышкан жыйындарда мен Кемпир-Абад боюнча элге кандай жалган маалымат таратышым мүмкүн?

- Анда эмне үчүн сизди камакка алышты?

- Кемпир-Абадда уюшулган курултайда бул маселе боюнча коргоо комитетин түзүү чечими кабыл алынган. Биз Бишкекке кайтып келгенде ошол чечимди ишке ашыруу максатында 22-октябрда жыйын өткөрдүк. Учурда камакта отургандардын баары ошол кеңешмеге катышкан. Ал жыйында «Кемпир-Абадды коргоо» комитети түзүлүп, бирок кабыл алынбай калган төмөнкү сунуштар талкууланган. Биринчи сунуш меники болчу: «Кыргыз-өзбек чек ара келишими ратификацияга келгенде, биз Жогорку Кеңештин алдында митинг уюштуруп, депутаттарга «ал келишимди колдобогула» деген өтүнүч менен чыгалы» дедим.

Бирок ал сунушум жыйында колдоо тапкан жок. Андан соң Азимбек Бекназаров: «Ноябрда өзүбүз элдик курултай өткөрүп, анын чечимин Жогорку Кеңешке жолдойлу» деген. Ал эми Равшан Жээнбеков: «Бүгүнкү биздин жыйындын атынан президент Садыр Жапаровго кайрылалы» деп айтты. Адахан Мадумаров болсо: «Арабызда мурдагы үч элчи катышып отурат. Сиздер биздин атыбыздан өзбек президенти Шавкат Мирзиёевге кат даярдагыла, ал бизди түшүнөөр» деген пикирин айтты. Ошентип, ал кеңешмеде биз бирдиктүү чечимге келе албай тарап кеткенбиз. Эртеси күнү, 23-октябрда жыйынга катышкан айрым адамдардын үйлөрүндө тинтүү жүрүп, анан алар камакка алынды. Ошондуктан 25-октябрда мен «АКИpress’те» пресс-конференция уюштуруп, алардын күнөөсүз камалышканын журналисттерге маалымдадым. Бирок, тилекке каршы, эки күндөн кийин мен да камакка алындым.

- Эми эмне болот? Сизде кайгыруу барбы?

- Кайгыруу бар, бирок жеке өзүм үчүн эмес. Анткени мен мамлекеттин мүлкүнө кол салып же кылмыш жасап камалганжокмун. Мен эки гана нерсеге кайгырып жатам: биринчиси – КемпирАбаддын Өзбекстанга өтүп кеткенине, экинчиси – өз жакындарымды санаага батырып жатканыма. Кемпир-Абадды эми биз эле эмес, президент да артка кайтара албайт. Ал эми ким Өзбекстандын менчигин талашса, анда өзбек бийлигинин аларга каршы чара көргөнгө мыйзамдуу укугу бар. Ошондуктан, Кемпир-Абад биздин жүрөгүбүздү сыздаткан оору гана болуп калат. Биз ал жерди сактап калыш үчүн ак ниетибиз, жан-дилибиз менен аракет жасадык. Муну элибиз да, бийлик дагы туура кабыл алышы зарыл.

Демек, биз ушул тагдырга баш ийип, камактан акталып чыкканыбыз оң. Себеби, ошол 22-октябрда өткөргөн биздин жыйында да, мурда деле бийликти басып алуу тууралуу эч кандай даярдыгыбыз, оюбуз дагы болгон эмес. Эгерде сотто биздин иш акыйкат каралса, түрмөдө калбай, акталып, санаага чөгүп жаткан жакындарыбызга кайтып барышыбыз керек.

Булак: Азия News гезити

Последние новости