www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму дүйнөдө антибиотиктердин жетишсиздиги болуп жатканын билдирди. Буга жугуштуу оорулардын көбөйүшү себеп болгонун британиялык Financial Times басылмасы ДССУнун дары-дармек менен камсыз кылуу жана аларга жетүүнү камсыздоо тобунун башчысы Лиза Хедманга шилтеме берүү менен билдирди.

Анын айтымында, ДССУга маалымат тапшырган 35 өлкөнүн 80%ы пенициллин препараттарынын жетишсиздигине дуушар болуп, АКШда жана Канадада амоксициллиндин жоктугуна даттанышууда. Кошумчалай кетсек, Европа Биримдигини 27 мүчөсүнүн 25и да ушундай көйгөй бар экенин билдирген.

"Жакыр же кичине өлкөлөрдөгү абал тууралуу маалымат азыраак. Айрыкча, алардын валютасы арзандап, дары-дармектерди ачык базардан сатып алууга аргасыз болсо, бул мамлекеттер көбүрөөк жабыр тартышы мүмкүн”, - деди Хедман.

Ал түшүндүргөндөй, коронавирустук пандемия учурунда антибиотиктерге болгон суроо-талаптын азайышы жана жеткирүү чынжырындагы олуттуу оорчулук дары өндүрүүчүлөрдү өндүрүш көлөмүн кыскартууга мажбур кылды. Бүгүнкү күндө көйгөй актуалдуу бойдон калууда. Дары-дармектерди өндүрүү үчүн компоненттер менен камсыздоо да кыйын. Ал эми энергиянын кымбатташы өз кезегинде компаниянын кирешесинин азайышына алып келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости