www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ДССУ: дүйнөдө кызамыктан көз жумгандардын саны өстү

Дүйнөдө кызамык оорусунан көз жумгандардын саны 2021-жылга салыштырмалуу 2022-жылы 43 пайызга өстү. Бул тууралуу РИА Новости Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына таянып кабарлады. 

Уюм өлүм учурлары кызамыкка каршы эмделгендердин саны азайгандыктан улам өсүп жатканын белгилеген.

"Акыркы бир нече жылдан бери кызамык илдетине каршы вакцина алгандардын саны азайды. Мындан улам 2022-жылы бул дартты жуктургандардын саны 18 пайызга, өлүм учурлары дүйнөдө 43 пайызга өскөн. Бул — 2021-жылга салыштырып алынган маалымат. Бир жылда дүйнөдө болжол менен 9 миллион адам кызамык менен ооруса, анын 136 миңи каза болгон. Өлүм балдар арасында басымдуулук кылат", — деп жазылган документте.

 

Уюм 2022-жылы 33 миллион бөбөк кызамыкка каршы вакцинаны албаганын билдирип, 22 миллиону вакцинанын биринчи дозасын, 11 миллиону экинчи дозасын сайдырбай калганын кошумчалаган.

АКШнын Саламаттык сактоо департаментинин глобалдык эмдөө бөлүмүнүн директору Жон Вертефейл кызамык оорусу эмдөөдөн өтпөгөн бардык өлкөлөр үчүн коркунуч жаратарын белгилеген.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө кызамык боюнча абал курч бойдон калып жатканын маалымдаган. 2023-жылдын тогуз айында эмдөөдөн баш тарткан 17 миң учур катталган. Анын 47 пайызы диний себептерге байланыштуу (мурда 70 пайызга чейин болчу). 49 пайыз адам вакцинанын сапаты жана коопсуздугунан күмөн санап баш тартышканы айтылган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости