www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) басма сөз эркиндиги боюнча өкүлү Терезе Мария Рибейро беш күндүк сапары менен Өзбекстанга барды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлашты.
Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигине (ТИМ) караштуу агенттиктин маалыматына караганда, Рибейро өзбек өкмөтүндө, министрликтерде жана мекемелерде эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, өз ара пайдалуу кызматташтыктын өнүгүү келечегин талкуулайт. Мындан тышкары ал Өзбекстандын аймактарына да барат деп күтүлүүдө.
Тереза Мария Рибейронун Ташкентке сапары бир катар эл аралык уюмдар Өзбекстандагы сөз эркиндигинин абалына тынчсыздануусун билдирип жаткан учурга туш келди.
Буга чейин Instagram'да президент Шавкат Мирзиёев жөнүндө сын пикир жазган 19 жаштагы тургун эки жарым жылга соттолгону кабарланган. Мындан тышкары бир катар блогерлер менен журналисттер түрдүү айыптар менен камакка алынган. Учурда алардын айрымдарынын, анын ичинде блогер Олимжон Хайдаровдун иши боюнча соттор уланууда.
Демократияга, саясий эркиндикке жана адам укуктарына мониторинг жүргүзгөн Freedom House уюму 2022-жыл үчүн түзгөн интернет эркиндиги боюнча рейтингинде Өзбекстанды "эркин эмес" өлкөлөрдүн катарына киргизген. Уюмдун эксперттери белгилегендей, президент Мирзиёевдин бир катар реформаларына карабастан, Өзбекстан авторитардык өлкө бойдон калууда.
Булак: NazarNews.kg