www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ДССУ: «Дүйнө чоң апааттын алдында турат»

Дүйнө моралдык катастрофанын босогосунда турат, деп билдирди Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) башчысы Тедрос Адан Гебресиес. Бул тууралуу ал Аткаруу комитетинин жыйынында билдирди.

«Мен ачык эле айтам: дүйнө катастрофалык моралдык жаңылыштыктын босогосунда турат - жана бул катанын баасы адам өмүрүнө жана дүйнөнүн жакыр өлкөлөрүндө жашоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болот», - деди Тедрос Адан Гебресиес.

Ал эң бай 49 мамлекетте жашоочулар 39 миллион дозадан ашык вакцина алышкандыгын, ал эми жакыр өлкөлөрдүн биринде 25 гана эмдөө жасалгандыгын баса белгиледи. Ар кайсы өлкөлөрдөн келгендерге эмдөөгө бирдей мүмкүнчүлүк берүү пландары коркунуч алдында турганын кошумчалады.

Эскерте кетсек, декабрь айынын аягында ДСУнун башчысы дүйнө коронавирус пандемиясына байланыштуу жаңы сыноолорго туш болорун эскерткен. Ал өлкөлөрдү жаңы SARS-CoV-2 мутациясын жакшыраак башкаруу үчүн маалымат алмашууга үндөдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости