www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айрым мамлекеттерде эпидемиологиялык абал жакшырганына карабастан дүйнөдө COVID-19 инфекциясы өтө тездик менен жайылууда. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус билдиргенин РИА Новости жазды.

"Айрым өлкөлөр мурдагы жашоосуна кайтып, ишин уланткандан бери оору өсүп баштады. Көп адам вируска туруштук бере албай калды. Биз оор кырдаалдан дагы деле чыга албай жатабыз", — деген Гебрейесус.

Ал эл аралык уюм 30-июнда Кытайда өпкөнү жабырткан оорунун белгисиз түрүнүн очогу  чыкканы тууралуу маалымат алганына жарым жыл толгонун белгилеген.  Алты ай ичинде оору жуктургандардын саны 10 миллионго жетип, 500 миң адам каза болгондугун кошумчалаган.

Эске сала кетсек, ДССУ башчысы дүйнө пандемиянын кооптуу жаңы фазасына өткөндүгүн билдирген. Анын айтымында, бул адамдардын үйдө отура бергенден тажап же жумуш издеп сыртка көп чыгып жаткандыгы менен байланыштуу болууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости