www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ДССУ: Дүйнөдө коронавирустун экинчи толкуну жок

Дүйнөдө COVID-19 пандемиясынын экинчи толкуну байкалган жок. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) Өзгөчө кырдалдар боюнча директору Дорит Ницанга шилтеме берип РИА Новости агенттиги жазды.

"Коронавирустун бардык түрүн жана формаларын изилдеп көргөнүбүздө, дүйнөдө пандемиянын экинчи толкунунун башталганы байкалган жок. Болгону айрым өлкөлөрдө көбөйүп жатат. Ошол эле учурда вирус азайып калган мамлекеттер дагы жок эмес", — деди адис.

Ницандын айтымында, көпчүлүк адамдар бул оорунун канчалык кооптуу экенин дагы деле сезе элек.

"Дүйнөдөгү адамдардын беш гана пайызы вирустун оор формасына кабылды. Бирок катуу ооруп, сакайгандан кийин дагы ден соолугун калыбына келтире албай жүргөндөр арбын. Андыктан сак бололу", — деди ДССУ өкүлү.

Эске салсак, ушул жылдын 11-мартында дүйнөдө коронавирус пандемиясы жарыяланган. Жон Хопкинс атындагы изилдөө институтунун расмий сайтындагы маалыматка караганда, жер жүзүндө коронавирус жуктургандардын саны бүгүн 38 066 297ге жетти. Ал эми Кыргызстанда вируска кабылгандардын саны 50 миңден ашты. Акыркы күндөрү биздин өлкөдө дагы коронавирустан кайрадан өлүм катталып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости