www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга кызмат көрсөткөн жеке ассистенттердин октябрь айынын айлык акысы толугу каржыланды. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүнкү күндө дайыма бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө муктаж болгон 7621 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балага 7471 жеке ассистент социалдык кызматтарды көрсөтүүдө.

Жеке ассистенттин ай сайын айлык акысынын өлчөмү 4900 сомду түзөт. Белгилей кетсек, жеке ассистенттер үчүн ыктыярдуу патент жана камсыздандыруу полисирайондук социалдык өнүгүү башкармалыктарынын кызматкерлери тарабынан республикалык бюджеттин эсебинен алынат.

Ушул жылдын башынан тарта жеке ассистенттердин кызмат акысын төлөөгө республикалык бюджеттен 303 млн. 062 миң 339 сом бөлүнгөн.

Баланын үй-бүлөнүн курчоосунда болуу укугун камсыз кылууга жана өз алдынча кыймылдай албаган, майыптуулуктун оор формасындагы  балдардын ата-энелерине колдоо көрсөтүү максатында жеке ассистенттин жаӊы кызматы Кыргызстанда 2019-жылдын 1-январынан тартып  кирген. Жеке ассистент баланы багууда социалдык-турмуштук  кызматтарды көрсөтүүдөн сырткары, балага реабилитациялоонун жеке программаларын ишке ашырууга көмөктөшөт. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости