www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 14октябрда Өкмөт үйүнүн алдына Садыр Жапаровдун тарапташтары чогулуп жатышат. Азыркы убакта 100дөн ашык адам топтолуп турат.

Митингчилер Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан келишкен. Алар президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетишин жана Канат Исаевдин төрага болуп дайындалганын жокко чыгарууну талап кылышууда. Ошондой эле алар өз лидерин премьер-министр кылып дайындоо процедурасын тездетүүнү суранышат.

“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин депутаттары кезектеги жыйынга чогулду. Күн тартибинде Өкмөттүн курамын, түзүмүн жана программасын бекитүү маселеси каралууда..

Булак: NazarNews.kg

Последние новости