www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Европада 2022-жылы февралда коронавирус инфекциясынан жарым миллиондон ашуун адам көз жумушу мүмкүн экени болжолдонууда. Бул тууралуу ДССУнун Европа аймактык бюросунун башчысы Ханс Клюге билдиргенин РИА Новости жазды.

Клюге адамдар коронавируска каршы вакцина алып, оорудан сактануунун чараларын көрбөсө өлүм саны өсө берерин эскерткен.

"Учурда каза тапкандардын 75 пайызы 65 жаштан өткөн адамдар экени байкалууда. Ишенимдүү болжолдоолорго ылайык, ушул бойдон кете берсек 2022-жылы 1-февралга карата COVID-19 инфекциясынан дагы жарым миллиондон ашуун адам каза табат. Мындан сырткары, аймактагы 43 өлкөдөгү ооруканалар керебеттердин жетишсиздигинен катуу жапа чегишет", — деген ал.

Клюге жакынкы убактан тарта калктын 95 пайызы бет капты дайыма тагынып жүрсө, 190 миңге чукул адамды сактап калса болорун кошумчалаган.

Анын айтымында, учурда аймактагы абал ДССУну тынчсыздандырууда. Акыркы жумада Европадагы 57 мамлекетте оору жуктургандар 55 пайызга өстү, адамдар көбүнчө вирустун "дельта" штаммына кабылууда. Ондогон мамлекет коронавируска каршы чараларды күчөткөн.

Дүйнө жүзү боюнча COVID-19 инфекциясынан 5 миллион киши каза тапты. Абал оор болуп жаткан мамлекеттердин башында АКШ, Индия, Бразилия, Улуу Британия жана Россия турат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости