www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркмөнстандын Балкан облусунда беткап тагынуу режимин бузган, ошондой эле коммуналдык кызматтар үчүн жана алимент боюнча карызы бар жарандар пахта терүүгө мажбурлап жөнөтүлүүдө. Бул тууралуу "Азаттыктын" түркмөн кызматы кабарлады.

"Азыр Берекет жана Сердар райондорунда беткапсыз жүргөндөр, ошондой эле электр энергиясына, газга жана алимент боюнча карызы бар жарандар пахта же кызылча терүүгө мажбурлап жөнөтүлүүдө. Полиция баш тарткандарды желим таяктар менен сабап, аларга зомбулук көрсөтүп жатат", – деп билдирди облус тургундарынын бири.

Анын айтымында, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү мындай жол менен өкмөттүн жакында өтө турган жыйынына чейин пахта терүү планын аткарып бүтүүнү көздөп жатат.

Ошол эле маалда өз булактар талааларда пахта дээрлик жок экенин билдиришүүдө. Алардын айтымында, бүгүнкү күндө облус боюнча пахта терүү планы (10 миң тонна) болгону 21 гана пайызга аткарылган.

Сентябрдын башында "Азаттыктын" түркмөн кызматы Балкан облусунда спирт ичимдиктерине көз каранды адамдардын тизмесиндеги эмгек мигранттар, сойкулук кылган аялдар жана алимент боюнча карызы бар жарандар мажбурлап пахта талааларына жөнөтүлүп жатканын кабарлаган.

Август айында Мары облусунда бюджетте иштеген кызматкерлер, Лебап облусунда мугалимдер менен мектеп окуучулары мажбурлап пахта талааларына жөнөтүлүп жатканы айтылган.

Эл аралык укук коргоо уюмдары пахта терүүдө жарандарын мажбурлап иштеткени үчүн Түркмөнстанды сындап келишет. Responsible Sourcing Network уюмунун маалыматына ылайык, 2021-жылдын 10-августуна чейин дүйнөлүк 138 бренд эл аралык өнөктүккө кошулуп, товарларды өндүрүүдө түркмөн пахтасын колдонбоо тууралуу милдеттенмелерге кол коюшкан.

Маалыматтарга караганда, Түркмөнстанда быйыл 1 миллион 250 миң тонна пахта жыйноо пландалууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости