www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөлүк Саламаттыкт сактоо уюму Европада мартка чейин коронавирустан дагы 700 миң киши каза болушу ыктымал деп эскертти. Бир нече жумадан бери континентте инфекция жугузгандардын саны күн санап өсүүдө.

"Европанын 53 өлкөсүндө пандемия бир жарым миллиондон көп кишинин өмүрүн алып кетти, кыштын этегине чейин бул көрсөткүч 2,2 миллионго жетиши ыктымал", - деп билдирди 23-ноябрда Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюму.

Уюм кошумчалагандай, 1-мартка карай 49 өлкөдө реанимация бөлүмдөрү бейтаптарга толуп, дарыгерлерге чоң күч келери күтүлүүдө.

Сөз болуп жаткан аймакка Орусия, Түркия жана мурдагы советтик жумурияттар, анын ичинде Борбор Азияны да кирет. Адистер вирустун жайылышына эмделбегендердин көптүгү, вакцинанын коргоо мөөнөтүнүн аяктап баратышы себеп болгонун айтышат. Андан тышкары вирустун өтө жугуштуу дельта варианты жана кээ бир санитардык талаптардын алынышы да абалдын оорлошуна алып келүүдө.

Европа биримдигине калктын 67% толук эмделди, бирок чыгыш бөлүгүндөгү бир топ өлкөлөрдө эмдөө солгун жүрүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости