www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Apple корпорациясы Pegasus тыңчылык программасын иштеп чыккан израилдик NSO Group компаниясын сотко берди.

Apple NSO Group компаниясы аталган программа аркылуу колдонуучуларды аңдуу үчүн iOS түзмөктөрүнө атайылап “бузуп кирип жатат” деп эсептейт.

Apple соттон NSO Group компаниясына Apple’дын программалык камсыздандыруусун, түзмөктөрүн жана сервистерин колдонууга тыюу салууну өтүндү.

Apple түзмөктөрүндөгү алсыз жактардын бирин киберкоопсуздук менен алектенген канадалык The Citizen Lab изилдөө тобу таап чыккан. Анын маалыматына караганда, израиль компаниясы Pegasus программасын иштеп чыгууда түзмөктүн PDF-файлдар менен иштөөдөгү коргоонун кемчиликтерин пайдаланган.

Быйыл июль айында Forbidden Stories уюму жана бир нече ЖМК израиль компаниясынын Pegasus тыңчылык программасы дүйнө жүзү боюнча журналисттер менен мамлекет башчыларын тыңшоо үчүн колдонулганын кабарлашкан. NSO Group компаниясы анда бул маалыматты четке кагып, программа террорчуларга жана кылмышкерлерге каршы күрөшүүдө колдонула турганын билдирген.

Журналисттер Израилдин Коргоо министрлиги NSO Group’тун иштеп туруусуна кызыкдар экенин жана буга чейин бул компанияны сот жараяндарында бир нече жолу коргогонун жазышкан. NSO Group АКШда кара тизмеге киргизилген.

Pegasus программалык камсыздоосу телефон сүйлөшүүлөрдү, смс-билдирүүлөрдү жаздырып алып, уюлдук телефондо тартылып сакталган видео жана сүрөттөрдү көчүрүп, GPS аркылуу колдонуучунун кайда жүргөнүн жашыруун билип тура алат.

Программа бузуп кирген түзмөктөрдүн тизмесинде CNN, Associated Press, Voice of America, New York Times, Wall Street Journal, Bloomberg News, Le Monde, Financial Times жана Al Jazeera өңдүү ЖМКлардын кызматкерлеринин телефон номурлары болгон. Мындан тышкары бул тизмеде 65 ишкердин, 85 укук коргоочунун жана 600дөн ашык саясатчынын номурлары да бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости