www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үстүбүздөгү жылдын 1-декабрынан 3-декабрына чейинки аралыкта «Кызыл-Кыя-унаа жолу» бекети жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган аралыкта Кыргызстандын «Кызыл-Кыя-унаа жолу» жана Өзбекстандын «Өзбекстан-унаа жолу» көзөмөл-өткөрүү пункттарында жолдун үстүн жаңыртуу, асфальт төшөө, асфальттоо иштери катарлаш жүргүзүлүп жатканына байланыштуу авто каражаттарынын аталагн посттор аркылуу жүрүшүнө чектөө киргизилет.

Буга байланыштуу белгиленген мөөнөттө кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынан жүктөрдү жана транспорттук каражаттарды өткөрүү «Достук- унаа жолу» өткөрүү пункту аркылуу ишке ашырылат.

Бажы кызматынан кошумчалашкандай, 2021-жылдын 4-декабрынан тарта «Кызыл-Кыя-унаа жолу» бекети кадимки тартипте иштей баштайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости