www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) Европа аймагы боюнча өкүлү Витянис Андрюкайтис ЕБди үчүнчү өлкөлөргө вакцинаны сактоо мөөнөтү өтүп кете электе берүүгө чакырды.

Анын айтымына караганда, мындай көрүнүш арбын кездешип жатат.

"ДССУ Европа өлкөлөрүн колундагы вакцинаны Украина, Тажикстан, Армения жана Кыргызстан менен бөлүшүүгө чакырды. Бергиси келбей, кампада сактап, качан гана жарактуу мөөнөтү бүтөрүнө эки жума калганда жөнөтүшөт", — деп билдирди атайын өкүл.

Ал дүйнөнүн бир канча аймактарында вакцина жетпей жаткандыгын айтты. Мындан улам ДССУ массалык эмдөө бүтмөйүн жана арбын мамлекеттерде COVID-19га вакцина жетпей жаткандыгын эске салып, бир жолу сайдыргандардан кайталап эмдөө жасоого шашылбай туруусун өтүндү.

Булак:  NazarNews.kg 

Последние новости