www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюмунун (ДССУ) өзгөчө кырдаалдар программасынын директору Майк Райан жаңы тип коронавирустун (Ковид-19) табигый жол менен келип чыкканына ишенишкендерин айтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюмунун директору Тедрос Адхамон Гебрейсус Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Швейцариянын Женева шаарындагы борборунда видеоконференция аркылуу пресс  - жыйын өткөрдү.

Гебрейсус Ковид  - 19 эпидемиясы тууралуу «эл аралык коомдун саламаттыгынын чукул абалы» ачык түрдө улантылып жаткандыгын баса белгиледи.

Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюмунун башкы директору уюмдун эпидемияга каршы кыймыл кылууда кеч калгандыгына байланыштуу күнөлөөлөрдү дагы бир жолу четке какты.

Райан көптөгөн илимпоздун Ковид  - 19дун гендик ырааттуулугун көптөгөн жолу изилдеп чыккандыгын белгилеп : «Бул вирустун табигый экендигине ишенебиз»,- деди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости