www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын демократиялык партиясынан президенттикке талапкер Жо Байден мурдагы жардамчысына сексуалдык ыдык көрсөткөнү тууралуу айыптоолорду четке какты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Байден MSNBC жаңылыктар каналына 1-майда маек куруп, 27 жыл мурда болгону айтылып жаткан окуя "эч качан болбогонун" айтты.

«Жок, бул калп. Мен ачык айтам, мындай болгон эмес", - деди 77 жаштагы Байден.

Эске сала кетсек, 1992-1993-жылдары Байдендин сенаттык кеңсесинде жардамчы болуп иштеген Тара Рид 29 жашында Байденден сексуалдык ыдык көргөнүн айтып чыккан. Риддин сөзүн анын мурдагы коңшусу бекемдеп, 1990-жылдардын башында ага Рид бул жагымсыз окуя тууралуу айтып бергенин билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости