www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кылымдын эки улуу окуясы жөнүндөгү роман

Улуу Ата Мекендик согуш темасына акын-жазуучуларыбыз көп кайрылышкан. Ошолордун ичинде Абдулхай Алдашевдин “Жер төлөөдөгү ой толгоо” аттуу романы да кирет.

 А. Алдашевдин «Жер төлөөдү ой толгоо» романы кыргыз романистикасында согуш темасында жазылган чыгармалардын салттуулугун улантып гана тим болбостон, аны белгилүү бир чекте жаңы көркөм табылгалар менен өнүктүргөн, байыткан деп айтууга болот.

Романда согуштун ар мезгилиндеги адам менен реалдуу турмуштук чындыкты терең көркөм сүрөттөө менен адамдын ички дүйнөсүнө көбүрөөк көңүл бургандыгы байкалат.

Автор лирикалык каармандын руханий дүйнөсүнүн байлыгын гумандуулугун, адамдык бийик сапатын ачуу менен анын мүнөзүн терең психологиялык анализдөөгө алууга, ал аркылуу образды толук ачып берүүгө умтулат. 

У. Абдукаимовдун «Майдан» романы менен А.Алдашевдин аталган романында кандайдыр бир жакындыктын бар экени сезилет. Бул биринчи кезекте чыгармада романдык окуялар автордун жеке керт башынан өткөндүгү, гумандуулук пафосу жана да достук, интернационалдык идеясынан көрүнөт. Бирок канчалык жакындыктар болгонуна карабастан «Жер төлөдөгү ой толгоо» согуш темасындагы кыргыз адабиятындагы жаңы окуя. Темага жаңыча көркөм мамиле.  Мындай чыгарманын жарык көрүшү азыркы жаңы заманда гана болушу мүмкүн экендиги да эстен чыкпашы керек. 

Жазуучу Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу катары жоокерлердин күндөлүк турмушун жакшы билгендиги, андагы өлүм менен өмүрдүн аянычтуу кармашып, жеңиштин болоор күнүн зарыга күтүп, эли-жерин аман-эсен көрөөр бекенбиз деген тилектерди, узакка созулган согуштан аябай чарчагандыктары тирүүлүктүн баа жеткиз баркын, адамдардагы ар кыл мүнөздөрдү таң калаарлыктай ишенимдүү так баяндап, психологиялык кылдат талдоо жүргүзгөн. Ошол эле мезгилде согуштун алдыңкы жылдарында элибизди тумоодой каптаган репрессиянын унутула элек туманын кайгылуу окуясын жарыштыра сүрөттөйт. Кылымдын эки улуу окуясы жөнүндөгү чындыкты бурмалабай болгонун болгондой кылып  кашкөйлүк  менен жазуу-жазуучу үчүн  чыныгы эрдик. А.Алдашевдин элүү жылдап ичине каткан чындыгын кийинки урпактарга сөзсүз берип кетиши  кыргыз адабияты үчүн, окурман үчүн да баа жеткис байлык.

Мезгилдин оош-кыйыштуу ал жылдарында мындай чындыкты жазуу СССРдин беделине шек келтирмек.  

Романдын башкы каарманы жаш аспирант, ветеринар согушта 33- Армиянын 538-минометтер полкунда ветернария тармагы боюнча начальник болуп, салгылашууга катышат. Каарман согушта түздөн-түз курал алып чуркабаса да, ошол согуш болуп жаткан жерлерде жарадар болгон аттарды дарылап, операция кылып, тыңытып багып, жарамдуусун кайра согушка жөнөтүп, айла жок болуп калганын союп, солдаттардын тамагына жиберип турушат.

Ошентип окуялар кандуу майдан чордонунда жоокерлер менен аралашып, ажал коркунучуна, жеңиш кубанычына орток болгон кыргыз офицери менен дивизиялык гезиттин редакторунун жер төлөдөгү баарлашуусу аркылуу өтөт. 

Жер төлөдөгү төрт ай, андагы еврей улутундагы москвалык журналист, гезиттин редактору Зильман Маркович Дорфман менен өткөргөн уйкусуз түндөрү, көптү билген, кыраакы ой жүгүрткөн майордун сөздөрү, адамдарга берген психологиялык кылдат талдоолору романдын негизги жүгүн көтөрүп турат.

Зильман Маркович  –  көптү билип, көп окуган, өз мезгилинин акылы зирек, алдыңкы катардагы билимдүү адамы. Ал борборго чейин, ал тургай таасирдүү чөйрөгө да тааныш кадыр-барктуу адам. Экинчиден,  ал - өлкөнүн ички, тышкы саясатын да жакшы билген, аскердик күчтүн мүмкүнчүлүгү менен да жетишээрлик кабары бар адам. Кыргыз жоокерине мээр төгүшө баарлашкан бу кишиден ал көптү үйрөнүп, көп нерселерге көзү ачылат. Жоокер катары, адам катары өзгөрүлөт, өзгөрүлгөндө да ар ишти артык көрүп, жыйынтык чыгарууга дарамети жеткен жетик адам катары өзгөрүлөт. 

«Каардуу согуш өлкөбүздү канча бүлгүнгө, элибизди канча кыргынга учуратты, канча шаарыбызды, канча айылыбызды кыйратты? Ошону менен катар канчабыздын көзүн ачты, оюн ойготту? Тирүүлүктүн  негизги маңызын таанытты, жашоонун максаты эмне экенин ойго  салды», –  дейт каарман.

Ар бир күн, ар бир саат сайын атасы үйрөткөн келмени айтып, адамдар үчүн ак ойлоп, адал иш кылып, карамагындагы солдаттарга жакшы мамиле жасап, өзү жер төлөдө жашаса да үстүнө келген майорун күн сайын коногундай сыйлап турушу романдын каарманынын жакшы адам экенинен кабар берет.

Жазыла элек ой китебин барактап, мештин отун улам көзөп коюп, өзү атап алган турмуш университетинде, жер төлө университетинде уйкусуз түндөрдү өткөрүп, көргөн билгендерин эстеп, турмушта жакшы жаман адамдардын жолугаарын тыңдап,  эми жеңиш жакындаган сайын фашисттик баскынчылар жасаган  жоосунду бошотуп бараткан мамлекеттерде, шаарларда, айыл-кыштактарда биздин солдаттар көрсөтүшпөсө экен деп, айрым ташбоорлордон көргөн адалдыгынан арамдыгы ашып түшкөндөргө жаны ачыйт. 

«Боорукер адамдар үчүн согуш тозоктон да коркунучтуу. Буларга баарысы аянычтуу: адам да, айбан да, каскак да, чөп да, баарына  жакшылык кылсам деп ойлошот… Ташбоолордун жанына туруудан чочуйсуң. Жаны чыга албай жаткан жоокерлердин жаратын таңып, жардам көрсөтүүнүн ордуна, ыгы келсе, чөнтөгүн аңтарып, орден-медалдарын жулуп, курун, өтүгүн чечип кетүүгө үлгүрүшөт.  А колго түшкөн  немисти көрсө, энесин ошол өлтүргөнсүп жулунат. Куралсыз немени моокуму кангыча  мазактайт. Булардын кылган кылыктарына карап туруп кишиден туулгандыгын шек санайсың, жаныңан түңүлөсүң. Отуз жетинчи жылды ушундайлар жасаса керек?.. –  дейт лирикалык каарман.

Жер төлө университетинин ректору сыяктуу милдет аткарган Дорфмандан күндөлүк гезит, радио-теленин айтканына айткандай ишенчээктигинен кутулат, күзгүнүн көрсөткөнүнөн башка нерселерди да көрүүгө жетишет. Кыргыздын бир баёо жаш жоокери жер төлөдө жазыла элек ой китептеринин эски барактарын окууга үйрөнөт. Өзүн-өзү түшүнүүгө, чындыкты туюуга аракеттенет.

«Эл душманы» деген тымызын кандуу алааматтын башаты да гитлердик саясий контрчалгындын алдын ала жүргүзгөн кылдат, арамза аракеттеринде экенин, кынтыксыз жасалма документтер маршал Тухачевский баштаган кол башы, мамлекеттик ишмерлерди чыккынчы катары ашкерелеп, Советтер Союзунун саясий штабына бүлгүн салганы туурасында угуп, оозу ачылат. Ушундай кырдаалдардан улам саясий  интригалардын «туткунуна» айланган Сталинди өз элине «кара каскак» кылып көрсөткүсү келген саясат экенине да эми көзү жетет. Ыплас саясатка жаны ачыган жазуучу НКВДнын жексур арамзалыгын кемелине келтире сүрөттөйт.

1937-жылдагы идеологиянын, системанын курмандыктарын сүрөттөө менен адамдардын тагдыры, адилетсиз, ыймансыз системанын «тегирменине» туш болгон адам тагдырларын ачып көрсөтөт. Ушул жерден К.Асаналиевдин роман жөнүндө айтканы эске түшөт: «Бул романдын философиясы пацифизм, ар кандай согушка ( ал кандай гана бийик лозунгага жамынбасын) бул роман бүткүл пафосу менен каршы турат. Анткени романдын пацифисттик философиясы адамдын жеке өмүрү баарынан кымбат экенин бекемдейт, далилдейт».

Романда «Өлүм тынчтыкта аз, согушта көп», «Киши баарына көнөт», «…бир көзүң бир көзүңө сынчы, бир кулагың бир кулагыңа тыңчы болгон кез» деген фразалар кезигет. Ушул саптардан көрүнүп тургандай тынчтык жана согуш, адамдык жана арамдык, жакшылык жана жамандык, өлүм менен өмүр туурасында, ХХ кылымдын 30-жылдарындагы тоталитардык түзүлүштүн каардуу өзгөчөлүктөрүн, ага удаа эле Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарындагы коммунисттик идеялар менен гитлердик идеялогиянын кандуу тирешүүсүнүн залакасынан келип чыккан  оор жоготуулар экени көрүнөт.

Чанага отундардай жүктөлгөн солдаттардын өлүгү эч кимди деле анчейин ойлондура бербей, керек болсо отундун  үстүнө отургандай өлүктөрдүн үстүнө мампая отуруп алып кетишин окуп отуруп, адамдарда болчу боорукерликти, коркуу, сезүү, аёо туюмдарын биротоло өлтүрүп салгандай сезесиң. Бу да болсо согуш алааматынын адамдарга алып келген дагы бир залакасы. 

Эки тараптын ар кимиси өз саясатын дүйнөгө орнотуу максаты жеке адамдын тагдырына мына ушундай адилетсиз трагедия алып келгенине жаны ачыйт. Адам атанын эки баласынын бири-бирине душман чыкканын, бири-бирине кастыгын тигип, бири-бирин өлтүрүп жатышканын  шайтандын кылганы деп билип, анан жараткан кудайга собол таштайт. Актыкты, адилеттикти, калыстыкты, боорукерликти издейт.

«Элибиздин жосундук аң-сезими фашисттик жырткычтардыкынан төөлүк өөдө.  Анда эмесе, эми биздин сел Европаны каптаганда тигилердин итчилигин биздин солдаттарга кайталата көрбө, Кудурет. Фашисттерден ала турган өчүн, кегин карапайым элден чыгара көрбө, Теңирим! Антпесең айгышкан эл бирин-бири талап, союп кырдыбычак кандуу кыргынга дуушар болгон турат. Андан саа эмне пайда, адамзат эле коройт. Өзүң теңдеши жок калыссың эгем. Кулум десе, кудурет ага жеткирбечи?! Жер төлөдө жаткан өзүңдүн бир пендеңдин заруратын угуп койчу», –  деп зарланат.

Карапайым демекчи, элдин эмне күнөөсү бар эле мынчалык кырылгандай. Эки тарапта тең жазыксыз карапайым элдин уулдары кырылып жатты. Канчалаган көз жаш төгүлүп, жаны чыга албай, өзүн коерго жер таппай боздоп атканы канча. 

«Эки жанаша көрүстөн  –  эки душмандын көрүстөнү. Бирине-бири чектешпеген, кошуна эмес эки мамлекеттин жарандарынын көрүстөнү. Бир мамлекет Борбордук Европада орун алып, бүт Европалык мамлекеттерге үстөмдүк кылып, аларды багынтып, ага канаттанбай, чыгышка жутунуп, миң ашык километр жол басып, экинчи мамлекетти өзүнүн кошуналарын жалмаган сыяктуу эле уйпалай коемун деп дөгүрсүгөн, көпкөн мамлекет. Экинчи мамлекет Чыгыш Европаны бүт, Азиянын үчтөн эки бөлүгүн ээлеп турган зор мамлекет. Бирөөгө жемин жедирбеген мамлекет. Экөөнүн көздөгөнү  эки башка, бирөөнүн түп максаты  – бүт жер жүзүнө фашизмди орнотуу, экинчисиники  – коммунизм», –  дегени бар. Ушул жерден  сынчы, адабиятчы К.Асаналиев «Жер төлөдөгү ой толгоо» романында сүрөттөлгөн парадоксалдуу жанаша жаткан эки көрүстөндүн бири горькийлик орустуку, экинчиси ахендик немецтики. Экөө тең айгышкан идеологиялык каршылашуунун курмандыктары.

Мына ушундан улам айтса болот, романдын философиялык доминантасы каардуу согуштун дал чордонунда калган жеке адамдын тагдырын көркөм изилдөөгө багытталган», –  деп чечмелеген.

Бул эки улуу окуя жөнүндө жазылган роман убагында Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка татыктуу болгон. Чынында эле адам өмүрлөрү эки нардын капталына конгон кара чымындардын өмүрүнө окшоп, нарлар кычышкан капталдарын бири-бирине жөөлөшүп, көйкөлүшүп кычуусун кандырса, карапайым солдат канга жуурулуп, жарык дүйнө менен коштошуп жатты.

Коом алсырап, мезгил ооруп, адам өмүрлөрү кыйылган ал учурду көркөм сөз күчү менен окурманына ачып берип, чындап эле сыйлыкка  татыктуу чыгарма жаратты, кыргыз адабиятын дагы бир жакшы роман менен катарын толуктады.

Автор: Мира Сыдыкбаева

Булак: NazarNews.kg

Последние новости