www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирустун жаңы учурларынын көп катталуусунун себеби калктын эмдөөдөн өтүүдөгү пассивдүүлүгү деп эсептейт. Бул тууралуу аталган уюмдун Европа регионалдык бюросунун директору Ханс Клюге брифинг учурунда айтканы чет элдик басылмаларда жазылды.

"Акыркы 6 ай ичинде Европага коронавируска каршы вакцинанын 400 миллион дозасын жеткиликтүү кылууга мүмкүн болду. COVID-19'дун жайылуусун азайтуу үчүн жай айында эмдөөнүн темпин жогорулатуу каралууда. Бүгүнкү күндө европалыктардын 30 пайызы коронавируска каршы эмдөөнүн биринчи дозасын алышкан. Ал эми экинчи дозасы менен 17 пайызы эмделген. Вирустун жайылуу коркунучун азайтуу үчүн калктын кеминде 80 пайызы эмделиши керек", - деген ал сөзүндө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости