www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ДССУ: Кызамык оорусунан каза болгондор көбөйүүдө

2020-жылы коронавируска каршы күрөшүү башка ооруларга каршы эмдөөлөрдү жайлатты. Дүйнөдө кызамык оорусу 2019-жылы кескин жогорулаган. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму менен АКШнын Ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө борборунун биргелешкен маалыматына ылайык, өткөн жылы 869 миң 770 адам кызамык оорусун жуктурган. Бул 1996-жылдан берки эң жогорку көрсөткүч.

Ал эми 2016-жылдан бери кызамыктан каза болгондор эки эсеге көбөйдү, бирок көпчүлүк муну балдардын зыянсыз оорусу деп эсептешет. Өткөн жылы бул оорудан дүйнө жүзү боюнча болжол менен 207 миң 500 адам көз жумган.

Адистер мындай кырдаалды көпчүлүк балдар кызамыктан коргоону камсыз кылган MCV1 жана MCV2 вакциналарын өз убагында албагандыгы менен байланыштырышат. Вирустун жайылышын ишенимдүү токтотуу үчүн калктын 95 пайызы эмделиши керек. MCV1 вакцинасы менен дүйнө жүзү боюнча адамдардын 85 пайызы эмдөөдөн өтүшү керек болсо, MCV2 вакцинасы менен 71 пайыз адам эмделиши керек эле.

«Илим кызамык оорусун кантип алдын алууну эбактан бери билет. Баарын эмдөөдөн өткөрүү үчүн биз биргеликте иш алып барышыбыз керек», - деди Тедрос Гебресиесус.

белгилей кетсек, 26 мамлекетте кызамыкка каршы 94 миллион адамды эмдөө карантинге байланыштуу кийинкиге калтырылган. Бразилия, Непал, Филиппин, Түштүк Африка, Конго Демократиялык Республикасы, Нигерия, Эфиопия жана Сомали мамлекеттеринде эмдөө кайра башталды.

«Коронавирус, өзү эле коркунучтуу оору, ошондой эле кызамык оорусу да көбөйүп, адамдардын өлүмүнө алып келүүдө, бул оору да чекти билбейт», - деди Гейл Макговерн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости