www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бразилиянын абактарынын биринде отурган кишилер жердин астын казып эркиндикке чыгып кетишкен. Алардын качкан учуру видеобайкоого тартылып калган. G1 Globo порталы окуя Пату-Бранку шаарында болгонун жазды.

Кадрдан камактагы адамдар абактын сыртына кантип чыгып кеткенин көрүүгө болот. Мындай жол менен 11 адам качканга үлгүргөн.

Алар автоунаа менен из жашырып кеткен. Кийин полиция качкындардын бешөөсүн кармаган. Мындан сырткары, түрмөдөн качып чыгууга жардам берди делген шектүү колго түшкөн.

Белгилей кетсек, дал ушундай окуя Бразилияда экинчи ирет кайталанып жатат. Августта дагы ушул түрмөдөн 16 соттолуучу качып кеткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости