www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарынын тургуну Кундуз Усупбаева сиңдисин 6-октябрга караган түнү унаа сүзүп кеткенин айтып, ага карата ачылган тергөө иши акыйкат тергелбей жатканына нааразы. Анын айтымында, жада калса бир тууганын ошол күнү кабыл алган травматолог Максат Келдибаев аны дарылабай туруп үйүнө чыгарып жиберген.

Мындан улам Усупбаева ачкачылык жарыялаганын айтып мэриянын алдына плакат менен чыкты. Ал ишти УКМК жана ИИМдин башчылары жана Саламаттык сактоо министринин көзөмөлгө алуусун суранууда.

Усупбаева ишти карабаган тергөөчү Илим Гуламов жабыркаган тараптан көрсөтмө алган эмес деп билдирди. Анын айтымына караганда, дарыгерлер менен милиционерлер биригип алып «кылмыш жасаган айдоочуну жоопкерчиликтен алып качууга» аракет кылып жатышат:

«Сиңдимдин омурткасы сынды, оң буту операция болду, сол буту жакында операция болот, башын дарылашты. Ошого карабастан экспертизадан ал жеңил жараат алган деп чыгарышыптыр. Дарыгерлер "оорунун таржымалын" оңдошту. Бизде далилдер бар».

Ачкачылык жарыялаган жаран акциясын «өлгөнгө чейин улантарын» эскертип, белгисиз бирөөлөрдөн коркутуу болуп жатканын айтты жана алар айдоочу жана дарыгер тараптан болушу ыктымалдыгын билдирүүдө.

Акцияга чыккан тургун тергөөчү менен медиктердин үстүнөн прокуратурага арыз жазып, тергөөчүнү алмаштырган.

Айыптоого кабылган тарап азырынча окуя тууралуу өз пикирин билдире элек.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости