www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 12-ноябрда “Манас-аэропорт” өткөрүү пунктунун чек арачылары Кыргызстандын жаранын мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылгандыгы үчүн кармашты. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын жараны Стамбул – Бишкек каттамы менен келген. Паспорттук текшерүүдөн өтүп жатканда Кыргызстандык жаран чек арачыга 1979-жылы туулган С.А.нын атына документ көрсөткөн.

Текшерүү учурунда паспорттогу маалыматтар башка адамга таандык экендиги белгилүү болгон. Ал эми кармалган адам 1978-жылы туулган Кыргызстандын жараны И.Н. болуп чыккан.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган адам Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине кошумча иликтөө иштери үчүн өткөрүлүп берилди. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости