www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл облустук милициясы жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен айдоочуну кармады. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 11-ноябрь күнү Бокөнбаев айылында болгон. Жергиликтүү тургун кечинде көчөдөн өтүп бараткан учурда белгисиз көк түстөгү автоунаа сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Жабыралуучу ооруканага түшүп, ага медециналык жардам көрсөтүлгөн.

12-ноябрь күнү ыкчам иликтөө иш чаралары жүргүзүлүп, жол кырсыгына шектүү катары  Бөкөнбаев айылынын 67 жаштагы тургуну кармалган. Ал күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, «Мерседес-Бенц Е 200»  үлгүсүндөгү автоунаасы айып короого киргизилген.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости