www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму - "дельтакрон" штаммы коронавирустун эки вариантынын аралашмасы эмес экенин айтып, ага карата бул аталышты колдонуу туура эмес деп белгилегенин РИА Новости жазат.
ДССУнун ыкчам оору түзүмүндөгү техникалык топтун жетекчиси Мария ван Керкхове сасык тумоо жана коронавирус менен бир убакта ооруп калууну түшүндүргөн "флурон" деген терминди да колдонбоого чакырган.
"Бул сөздөр вирустар аралашып калганын түшүндүрүп жатат. Бирок андай болбойт. "Дельтакрон" вирустарды изилдөө учурунда үлгүлөрдүн кирдеп калышынан чыгышы мүмкүн. Башкача айтканда, бул лабораториялык ката", — деп жазган ал Twitter баракчасына.
Буга чейин Кипр университетинин биология илимдери факультетинин профессору Леонтиос Костриккис Cyprus Times басылмасына жаңы штамм табылганын билдирген.
Анын айтымында, окумуштуулар жаңы вариант "дельта" менен "омикрондун" бирикмеси болушу мүмкүн деген жыйынтыкка келишкен. Өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри да бул штамм эки мутациянын аралашмасы болгондуктан тынчсыздануу жаратпаганын айткан.
Булак: NazarNews.kg